Бишкек жана Чүйдө өзгөчө абал киргизилбейт

Автор -

Бишкекте өзгөчө абал киргизилбейт. Бул туурасында бүгүнкү онлайн-маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечимин чыгарды.

«Бирок ошол эле убакта мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталды. Андан сырткары, шаар башчылары менен жергиликтүү бийликке коомдук жайларда, базарларда, соода борборлорунда санитардык талаптарга көзөмөлдү жана элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди», — деди Мадамин Каратаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-июнга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 250 учуру катталды. Аны менен вирус жуктургандардын саны 4 204 адамга жетти.

Бишкекте акыркы күндөрү COVID-19 жуктургандар кескин көбөйүп, бир күндө эки жүздөн ашык адамдан табылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү