Ысык-Көлдө жаран уурдай качкан унаасында каза тапты. Сүрөттөр

Автор -
239

Ысык-Көлдө автоунааны айдап качкан адам жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-июнда болжол менен таңкы саат 03.30 чамаларында Каракол ШИИБдин кезмет кызматына Каракол-Пристань автожолунун 1,800 чакырымында жол кырсыгы болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, алгачкы тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында, ушул эле күнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну И.Ф., өзүнүн таанышы 18 жаштагы Ш.М. менен бирдикте, Каракол шаарында орун алган ЖАМК №23 имаратынын астында токтоп турган «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунааны өз алдынча айдап качышканы белгилүү болгон.

Шылуундар Каракол-Пристань шаарчасын көздөй бара жатып, автоунааны башкарып бара жаткан И.Ф., рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кетип, жээктеги бакты сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Кесепетинде И.Ф. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жанындагы Ш.М. алган жаракаттары менен Ысык-Көл облусттук бириккен ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, уурдалган автоунаанын ээси табылып, ал Жети-Өгүз районунун Аӊ-Өстөн айылынын 31-жаштагы тургуну Т.Т. болуп чыкты. Жабырлануучу адамдан арыз алынып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү