«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурунку директору Талантбек Казакбаев ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Такталгандай, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.
Бирок, Казакбаев башкы бухгалтери жана операторлор менен биргеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.
«Тактап айтканда, 2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облусунун аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген. КР эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2019-жылы Бишкек
шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун
суммасы 1 066 100 сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-б. 2-п. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Кармоо иштери кечээ, 25-июнда жүргүзүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 2020-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалган.