Сузакта аялын кордогон жаранга өкүм чыкты

Автор -

Сузакта аялына дөңгөлөк илип кордогон жаран жазадан кутулуп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, отурум бүгүн, 2-июлда Сузак райондук сотунда болуп өткөн.

«Сузакта запкы көргөн аялдын иши боюнча отурум жыйынтыкталды. Зордукчу-күйөөгө шарттуу түрдө 2 жыл берип, сот залынан бошотуп жиберишти», -деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү