Ошто обсервацияга алынган аял терезеден секирип кетти

Автор -

Ошто 34 жаштагы аял обсерватордун имаратынын терезесинен боюн таштады. Бул тууралуу милицияга таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-июлда, болжол менен 23:40 чамасында учурда обсерватор катары колдонулуп жаткан Ош шаардык ооруканасынын мурунку имаратынын 3-кабатынан 34 жаштагы аял секирип кеткен.

«Ал алган жаракаттарынан жеринде каза тапкан. Учурда тартип сакчылары менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштиришүүдө», -деп жазат басылма.

Бөлүшүү