Сутка ичинде 42 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал эми бир суткада 18 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү