+552. Бишкекте коронавирус дагы 314 адамдан табылды

Автор -

2020-жылдын 11-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 552 учур катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек ш. – 314
Чүй облусу — 124
Ош ш. — 24
Ош облусу — 13
Жалал-Абад облусу — 26
Баткен облусу — 28
Ысык-Көл облусу — 6
Нарын облусу — 17

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 9910 адамга жетти. Айыгып чыккандар 3236. Каза тапкандар — 125.