Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу 30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты.
«31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм», — деди өлкө башчы.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 25-июлга чейин COVID-19 илдети 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду.