Министрлик: Коронавирусту дарылоого эксперименталдык дарылар кошулбайт

Автор -

Учурда Кыргызстанда коронавирусту дарылоо протоколунун 4-варианты даярдалып жатат. Бул туурасында бүгүн, 6-августта, брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчиси, инфекционист Айнура Кутманова билдирди.

Анын айтымында, бул нормативдик документ эксперттер тарабынан түзүлөт жана Саламаттык сактоо тарабынан бекитилет. Ошондой эле, учурда даярдалып жаткан протокол Москва жана Уфадан келген дарыгерлер менен бирге талкууланган.

«Протоколдун 4-вариантына бир дагы эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын эффективдүүлүгү далилденген жок. Негизинен протоколдун 4-вариантында, дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», — дейт Айнура Кутманова.

Ошондой эле бүгүнкү брифингде сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айынын аягынан башталары айтылды. Эмдөө алгачкы кезекте, тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат, алар — 65 жаштан жогорку курактагы адамдар, балдар, өнөкөт оорулары барлар, медкызматкерлер жана башкалар.

Ошондой эле жеке медициналык борборлору менен №6 жана №8 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан вакцинаны акы төлөп алууга болот.