15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда кылган «шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, Финпол Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле мекеме тараткан билдирүүдө «элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» деп жазылган.
Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.
Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.
Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 15-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандар дээрлик июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү күнөөлөп келатат.