Эртең Кыргызстан аймагында ишембилик өтөт

Автор -
273

Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

Дүйнө жүзү боюнча өтө турчу тазалык акциясына 180 өлкө катышат. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышууда.

2019-жылы жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Топтолгон таштандылар 3 түргө бөлүп, чогултулат.

Уюштуруучулар тазалык акциясына бардык жарандарды чакырат.