Борбор калаа коронавирус эпидемиясынын божомолдонгон экинчи толкунуна даяр. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, муниципалитеттин кызматкерлери тыным албай күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерип, көзөмөлдөп жатат.
«Биз стационарлардагы орундардын санын эки миңге чейин көбөйтөлү деп пландап жатабыз. Себеби бейтаптардын саны өсүп кетсе, стационарлар аларды кабыл алууга толугу менен даяр турушу керек. Бул имараттардын баарына жылуулук берилип, желдетилип турат. Стационарларды толугу менен медициналык каражат жана медиктер менен камсыз кылабыз», — деди Мозгачева.
Ал медиктерге жеке коргонуучу каражаттар берилип, дары-дармектер толукталып жатканын белгиледи. Ар бир стационарга кызматкерлер бекиген. Мындан тышкары, Бишкектин ар бир районуна 500 орундуу стационар ачуу пландалып жатканын кошумчалады.
«Азыркы тапта жалпы 1 173 орун даяр. Алар оору күч алган убакта камдалган. Эми булардын санын дагы көбөйтөбүз», — деди вице-мэр.
Өкмөттүн божомолу боюнча, сентябрдын аягында кайрадан коронавирус жуктурган учурлар күч ала баштайт. Бийлик элдин санитардык-гигиеналык эрежелерди сактабай жатканына кабатыр болуп, сунуштарды эстен чыгарбоого чакырууда.