Ысык-Көлдө 35 орундуу жаңы оорукана пайдаланууга берилди (сүрөттөр)

Автор -
227

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди, алардын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат, деп билдиришти Республикалык штабдан.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдүн капиталдык ремонту толук бүткөн жана пайдаланууга берилген.

«Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан. Жаңы жугуштуу ооруканада дагы кошумча 35 койка-орундук болот.

Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн: өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Даярдык иштери толук кандуу жүрүп, түнкүсүн да иштеп жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз деп ойлоп жатабыз», — деп маалымдады Мирбек Сагынбаев.

Ошондой эле ал бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин камы жана ЖКК жетиштүү санда бар экендигин белгиледи.