Бактыбек Сыдыков кайра «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болду

Автор -

Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалды. Сыдыков 21-октябрда жалпы жамаатка тааныштырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттун жетекчисин ишкананын Директорлор кеңеши дайындайт. Сыдыков авиация тармагында буга чейин жалпысынан беш жыл иштеген. 2007-2010-жылдары директорлук кызматты аркалаган.

Бакыт Сыдыков 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Атасы белгилүү мамлекеттик ишмер — Үсөн Сыдыков, ал эми уулу Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты.

«Манас» эл аралык аэропортунун карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет.