Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) бөгөт чарасын кароо боюнча сот жараяны токтотулду. Буга Көлбаевдин жактоочусунун шаардык сотко берген арызын кайра кайтарып алышы негиз болду. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаганын 22-октябрда кабарлаган.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Көлбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалган, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү аныкталган эмес. Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан.
Камчы Көлбаев криминалдык авторитет жана «мыйзамдагы ууру» катары эсептелери менен белгилүү. Ысык-Көл облусунун кулуну. Рысбек Акматбаевдин оң колу болуп жүргөн.
2011-жылдын июлунда Абу-Дабиде зергер буюмдар дүкөнүн тоноого шектелип кармалган. Аны менен бирге бир нече санаалашы кармалган. Ага карата Кыргызтанда «Кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 11-августта Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бириккен Араб Эмирлигинин бийлигинен кармалгандарды экстрадициялоону суранган, бирок 7-сентябрда Көлбаев бошотулган.
2011-жылдын июнунда АКШда Көлбаев расмий түрдө эл аралык наркобизнестеги негизги адамдадын бири катары таанылган.
2012-жылдын 8-декабрында Дубайдан экстрадицияланып келип, бир нече берене менен Кыргызстанда камакка алынган. Алар: адамды уурдоо, тоноочулук, кылмыштуу топ түзүү жана башка. Бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө күбөлөр менен жабырлануучулар мурда берген көрсөтмөсүн танып башташкан. 2013-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи май райсотунда Көлбаев 5,5 жылга абакка кесилген. Экинчи инстанция өкүмдү жумшартып, 3 жыл берген. Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Кийин Көлбаев бошонуп чыкканы белгилүү болгон.