Түркия мамлекети Кыргызстанга аскердик техника берди

Автор -

Түркия мамлекети Кыргызстанга аскердик техника жана мүлк буюмдарды берди. Бул тууралуу маалыматты КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин, Улуттук гвардиянын куралдуу күчтөргө багытталган автоунаа техника жана ооруктук мүлк-буюмдарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Ага Женгиз Камиль Фырат мырза, Башкы штабдын жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командасы жана өздүк курамы катышты.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Түркия мамлекеттеринин өкмөттөрү тарабынан 2015-2016-жылдарындагы аскердик финансылык кызматташтык боюнча түзүлгөн макулдашууларынын алкагында, Түркия тараптан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы 2020-жылдын сентябрь айында келген.