Каракол шаарында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-ноябрда болжол менен саат 14:10 чамаларында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө телефондук чалуу келип түшкөн. Телефон чалган адам Кыдыр-Аке көчөсүнүн түндүк тарабынан белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин жана жабыр тарткан адамды «Тез жардам» кызматы алып кеткендигин билдирген.
Түшкөн маалымат боюнча тез аранын ичинде «Перехват» операциясы киргизилип, шаардын чыга бериш автожолдорунда милициянын посттору орнотулган. Көрүлгөн кечиктирилгис иш аракеттердин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБ жана Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе жол кырсыгына шектүү айдоочуну кармоого жетише алышты.
Айдоочу Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын 70 жаштагы тургуну С.К. болуп чыкты. Алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өзүнө тиешелүү болгон «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаасы менен жол кырсыгын жасагандыгын айтып берди.
Жол кырсыгынан жабырланган Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын 41 жаштагы тургуну Н.М. болсо, денесинен алган жаракаттары менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылган.
Аталган факт Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Соттук-техникалык экспертиза дайындалды. Автоунаа айып төлөнүчү жайына токтотулду.