Эртең, 19-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Киров» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу, эртең, 19-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Абдрахманов, Фрунзе, Сүйүмбаев жана Жибек-Жолу проспектиси чектешкен аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
«Сууга байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго чалыңыз: 1533 — бул жарандардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык «суу менен камсыздоо» борбору. Ошондой эле, 1840 жана 1850 номеринде борбордук мэриянын колл-борбору күнү-түнү иштейт. Көйгөйлөрүңүз тууралуу сүрөт жана видео фактыларды мурункудай эле 0554 182-185 дарегине WhatsApp аркылуу жөнөтсөңүз болот», — дешет мекемеден.
«Бишкексууканал» ЖЭБи шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.