Учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым берилип, эркиндикке чыгарылды. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) кабарлашты.
Маалымат кызматынын билдиришинче, ЖАМК 1800дөн ашуун кайрылууну президентке караштуу Ырайым кылуу комиссиясына жөнөткөн.
«Натыйжада 18-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, абак жайларынан 230 адам бошотулду. Ал эми 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттин милдетин аткарып келген Жапаров майда кылмыш кылып же адилетсиз өкүм менен камалып кеткендерге жана балалуу аялдарга ырайым берилерин айткан. Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар жазасын толук өтөшү керектигин белгилеген.
Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата КР президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.