Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 25-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 1…3 градус болот.