16-декабрда Түркиянын Анталия шаарына караштуу Манавгат аймагында кыргызстандык аял күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип кармалды.
Аялды кармоо учурунан тартылган видео интернетке тарады. Маалыматка караганда, 63 жаштагы кыргыз жараны өзүнүн 80 жаштагы күйөөсүнө одеколон куюп, өлтүрөм деп коркуткан. Жолдошу өз бөлмөсүнө бекинип алып, аман калган. Жерине келген полиция кызматкерлери каршылык көрсөткөн аялды араң унаага отургузушкан.
Кийинчерээк жолдошу алардын үйлөнгөнүнө жарым жыл гана болгонун, акыркы учурларда аял спирт ичимдиктерин көп ичип, мекенинде салынып жаткан мечиттин курулушуна акча сурай бергенин айткан. Кезектеги жолу акча берүүдөн баш тартканда аял анын үстүнө одеколон чачып, өлтүрүп сала турганын айтып коркуткан. Карыя эми аялы менен ажыраша турганын кошумчалаган.
Расмий билдирүүлөр боюнча Түркиянын абактарында ушул тапта 12 кыргызстандык жаран отурат.
Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.