Каржы министрлиги Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдон дагы 450 млн 100 миң сом түшкөнүн билдирди.
Ошону менен 18-декабрга карата атайын эсепке Матраимовдон 1 млрд 223 млн 511 миң 690 сом түштү:
- 17-ноябрда 536 млн 200 миң сом;
- 1-декабрда 110 млн 400 миң сом;
- 8-декабрда 126 млн 800 миң сом;
- 18-декабрда 450 млн 100 миң сом.
Бүгүнкү күнгө карата экономикалык амнистия боюнча депозиттик эсепке жалпысынан 1 млрд 345 млн 95 миң 226 сом түштү. Эске сала кетсек, 20-октябрда Райымбек Матраимов 2020-жылдын 1-ноябрына чейин мамлекетке 2 млрд сом чыгым төлөп берүүнү убадалаган.