УКМК 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев үй камагына чыкты

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Свердлов райондук соту 31-декабрда Мусакеевди үй камагына алуу чечимин чыгарган.

2019-жылдын февраль айында Дамир Мусакеевге карата «кызматтык абалынан пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө, мыйзамсыз иштерге барууга шектелип кармалган. 2019-жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

2020-жылдын декабрында анын ишин Жогорку сот карап чыгып, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимдери жокко чыгарылып, жазык ишин жаңыдан башка курамда кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберилген.