Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасында депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди.
«Достор, түшүнүктүү болсун: УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, аны менен күрөшөт. Ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт. Финпол депутатка алы жетпесе да, балдарын камаганбыз, бирок ал да сот аркылуу чыгып кетти.
Бүгүн Жумалиевди АКС (Коррупцияга каршы кызмат — ред.) басыптыр, бир чети туура болду, УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин. Мыйзам боюнча коррупция менен АКС күрөшөт», — деп жазган ал.
Ошондой эле Жапыкеев Финполдун тагдырына да токтоло кеткен. Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн курамында калышы мүмкүн болууда.
«Достор, акыркы күндө мени жамандап, ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай, тынч эле тура туралык. Жумушка жабышкан жокпуз. Бирок Финпол, буюрса, калчудай. Достор сабырдын түбү — сары алтын. Сабырдуулукка чакырам. Мына, акчага таянган маал өттү, миллиардер «Граф» коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун. Миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөш накта башталды. УКМК, азаматтар!!!» — деп жазган Жапыкеев.
