Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
4-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда Элдияр аттуу бала өзүнүн эки таанышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен анын 410 миӊ сомун жана 2 миӊ АКШ долларын тартып алышкан.
Аталган факты Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2- бөлүгү (Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталган. Алар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турушкан Чолпон-Ата шаарынын 22 жаштагы тургуну Э.Э. жана 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун 24 жаштагы тургуну Р.А. болуп чыгышты.
Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлдү. Алар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынга чейин Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.