Кылычбек Абышев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына дайындалды

Автор -

Абышев Кылычбек Асаналиевич Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Кылычбек Абышев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалганы айтылат.

Сооронбай Жээнбековдун президенттик доорунда бул кызматты ээлеп келген Жаныбек Капаров 9-февралда өз арызынын негизинде бошотулган болчу.

Бөлүшүү