Кыргызстандыктар Риодогу Олимпиада оюндарында мелдешин улантат.
Бишкек сааты боюнча 19:00дө 125 килограммга чейинки салмак категориясында килемге Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча балбан күч сынашат.
Анын атаандашы учурда белгисиз.
Ал эми 21-августта, олимпиада оюндарынын акыркы күнүндө дагы бир кыргызстандык балбан Магомед Мусаев беттешсе марафончу Илья Тяпкин узундукка чуркоо боюнча марафондо өзүн сынайт.