Казакстанда кол салууга даярданып жаткан деген айып менен 4 адам кармалды.
Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай кармоо операциясы 18-августта Алматы облусунда болду.
“Кармалган уюмдун мүчөлөрү Кыргызстан жана Казакстандын жарандары болгон. Алардын жашаган жеринен колго жасалган жарылуучу заттар жана диний-экстремисттик материалдар табылган”,- деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, кол салуучулар полиция кызматкерлери бар аймакка андан соң адамдар көп топтолгон жерге барып жардырууну пландашкан.
Азырынча кармалгандардын арасында канча кыргыз бар экендиги айтыла элек. Ал эми КР тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү четке каккан жок.