Драматург Султан Раевге таандык пьесанын негизинде коюлган спектаклдын премьерасы Лондондо көрсөтүлдү.
The Space аталышындагы эски театрга коюлган кыргыз чыгармасы ийгилик жаратты.
Ал Лондондо маданият жана тарых жылынын алкаганда коюлган алгачкы спектакль болуп, аны борбордук азиянын «Орзу Артс» театрынын негиздөөчүлөрү Юлдош Журабоев менен Жозеф Сандерс уюштурган.
Курмандан датканын ролун ойногон Кейти Тревелян жана башка актёрлор спектаклды англис жана кыргыз тилинде ойношконун тышкы иштер министрлиги билдирди.