Президенттин кызы турмушка чыкканын жакында Instagram желесине жарыялаган.

Эми ELLE журналына интервью берип, үлпөт тою жөнүндө айтып берди. Кыргызстандыктар тарабынан кабыл алуу ар кандай болгонун, кээ бири куттуктаса, айрымдар терс сын-пикирин айтканын билдирди. Анда талкууга алынган негизги тема кыргызга турмушка чыкпаганы болгон.

Жаш жубайлар 27-августта Бишкектеги Skyhall ресторанынын чатырында үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Эки жактын туугандары, кесиптеш, жоро-жолдоштору болуп 30дай киши чогулган.Алар атайын жөнөкөй, европа стилиндеги үлпөт тоюн өткөрүүнү чечишкен.

Алия үй бүлөсүнүн макулдугу менен турмушка узаганын кошумчалаган. Анын айтымында эки ай мурун күйөөсү колун сураганда эки тарап тең кубанычта болгон.

Президенттин күйөө баласы азыр 24 жашта. Кесиби боюнча программист. Алия менен 4 жыл мурун интернеттен таанышкан. Анда ал 20 жашта, кыз 15 жашта болгон.