18-сентябрда өтө турган башкы ассамблеяда АКШ, Жапония жана Түштүк Корея үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекеттик катчы Жон Керри, Жапония менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери Фумио Кисида жана Юн Бёнсе жолугушуп, кызматташуу тууралуу жана Түндүк Корея 9-сентябрда учурган ядердик сыноосун талкууга алышат.
Буга чейин Түндүк Корея кезектеги ракетаны ийгиликтүү учуруп алганын жарыялаган. Аталган өлкөнүн аскер кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча мурунку жардыргыч заттын күчү 6 килотонна болсо, мунуку 10 килотоннадай болгон.
КЭДР акыркы жасаган ядердик сыноосун эң ири учуруу болду деп эсептөөдө.