Кыргызстан футбол улуттук курамасынын бул жылы 6 жолдоштук оюну болжолдонгон. Төртөө үй стадионуна белгиленген.
Кандай пайдасы бар?
Күйөрмандар арасында, футбол сүйүүчүлөрү арасында да жолдоштук оюндарга караганда ошол эле тандоо турунун оюндары салмактуурак. Бул жолдоштук оюндардын жыйынтыктары эч жерде каралбайт деген түшүнүк менен байланыштуу.
Биринчиден, эгер оюн расмий түрдө ФИФА тарабынан таанылса анда эсеп кураманын ФИФА рейтингинде көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оюндун эсебине берилген упайларга төмөнкү факторлор өзүнүнүн тасирин тийгизет:
Оюндун жыйынтыгы (жеңиш, жеңилүү же бирдей эсеп);
Регион (Түштүк Америкалык жана Европалык командалар Африка же Азияга караганда салмактуурак турушат);
Атаандаш (Германия же Аргентинага окшогон чоң командаларды жеңүү көбүрөөк упайларды алып келет).
Ал эми ФИФА рейтингиндеги кураманын позициясы дүйнө чемпионатынын алкагында өткөрүлчү оюндарда чүчү кулак тартууда чоң роль ойнойт.
Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Азыркы учурда кураманын сентябрь айындагы эки мелдеши артта калды.
Алардын биринде Кыргызстан жеңишке жетсе, Филиппинден 2:1 эсебинде утулуп калды.
Бирок Казакстан менен болгон оюндун жыйынтыгы ФИФА рейтининде эсептелинбейт. Себеби бул оюнда Казакстан 6 эмес 7 жолу оюнчуларды алмаштырууну сураган. Бул ФИФАнын эрежелерине туура келбейт.
Алдыдагы Ливан жана Түркмөнстан менен болгон жолугушуулар футбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, ФИФА рейтингинде эске алынат.
Андан сырткары март айында Азия Чемпионатына тандоо туру башталат. Ал Европа чемпионаты катары кеңейтилди. Эми ага 16 эмес 24 мамлекеттин курамасы катышат.
КРдин футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдиргендей, Азия чемпионатына даярданууга жолдоштук оюндар жардамга келет.
«Жаңы комбинацияларды куруу, оюнчулардын даярдыгын көрүү, футболчулардын дараметин байкоо үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин дал ушул жолду тандап алган. Андан сырткары келе жаткан эки оюнда негизги оюнчулардын бири болгон Азамат Байматов тизмеде жок. Бул башка оюнчуларды да байкап көрүү максатында жасалган”,- деди ал.
Жолдоштук оюндардын пайдасын Казакстандын мисалында да байкаса болот.
Коңшу курама Кыргызстандан 2:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми дүйнө чемпионаты-2018 тандоо турунда Казакстан Польша менен 2:2 эсебинде ойной алды. Бул машыктыруучу Кыргызстан менен болгон жолдоштук оюнда кемчиликтерди убагында байкап көрө алгандыгынан кабар берет.