Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, азыр автоунаа айдоого күбөлүгү бар адамдардын баары машина айдап жүрөт. Унаа сатып алгандар аны өзүнө каттатпай жатышы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга жолтоо болуп, көптөгөн кыйынчылыктарга жол ачат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ордо калаанын көчөлөрүнө видеобайкоо жабдуулары орнотулуп, жол коопсуздугуна көзөмөл кылат. Автоунаа сатып алган адамдарга катталбагандыктан, жол эрежелерин бузган адамдарды табуу кыйынчылыктарды жаратууда. Аларга айып салуу чараларында да көп көйгөйлөр болот. Өкмөт бул маселени чечиши керек», — дейт эл өкүлү.