“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 5-съезди башталды.
Партиянын съездине Кыргызстандын 7 дубанынан 847 делегат катышууда.
Партиянын лидери Бакыт Төрөбаев жергиликтүү шайлоолорго катышуу алар үчүн абдан маанилүү экенин айтты.
«Анткени биз 2013-жылы жергиликтүү кеңештерден баштаганбыз жана аймактарда алгачкы МТСтерди ачканбыз. Бүгүн биз аймактык партиядан республикалык деңгээлдеги партияга айландык деп ишенимдүү айта алабыз – муну бардыгы мойнуна алууда!”, — деп билдирди.
Съезддин күн тартибинде үч маселе каралат:
1) партиянын Кыргызстан боюнча келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусу;
2) өлкөдөгү саясий абалды жана партиянын ишмердигин талкуулоо;
3) Бишкек шаарынын партиялык стратегиясын бекитүү.