«Айтматов энчиклопедиясынын» үч томдугу чыкты

Автор -
581

“Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу – алгачкы этап болуп саналат. Эмгекти Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана маданият институту даярдаган.

Айтматовтаануучу, академик Абдалдажан Акматалиев демилгелеп, ЖОЖдордо эмгектенген, айтаматовтаануу багытында илимий иш жазган окутуучу жана окумуштуулар салымын кошкон.

Ал улам кийинки басылыштарында кошумчаланып, толукталып турмакчы. Анын негизинде “Айтматов жана адабият”, “Айтматов жана коом”, “Айтматов жана театр”, “Айтматов жана музыка” деген сыяктуу тематикалардагы энциклопедиялар даярдалат.