Telegram тиркемесине Орусияда тыюу салынды

Автор -

Белгилүү Telegram тиркемеси Орусия аймагында иштебей калды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында колдонууга тыюу салды.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы аталган мессенжердин колдонуучулары тууралуу маалыматты алууга жана алардын билдирүүлөрүн окуу үчүн Павел Дуровдон жашыруун ачкычтарды талап кылган. Бирок мессенжердин негиздөөчүсү бул талаптарды аткаруудан баш тартып, мындай иш-аракеттер Конституцияга карама-каршы келерин билдирген.

6-апрелде Орусиянын көзөмөл комитети Москванын Таган райондук сотуна Telegram`ды Орусиянын аймагында колдонууга тыюу салуу талабы менен кайрылып, бүгүн, 13-апрелде соттун чечими чыкты.

Муну менен Telegram тиркемеси Орусияда иштебей калды, бирок бул тыюу салуу Кыргыз өлкөсүнө таасирин тийгизбейт. Анткени менен тиркеменин Кыргыз колдонуучулары Орусиядагы колдонуучулар менен байланыш түзө албай калышат.