«Автоледи-2018» деп аталган сынак жарыялады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жылдын эң мыкты айдоочу айымы тандалат. Конкурска бардык айдоочу кыз-келиндер катыша алат.
Сынактын максаты жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти бекемдөө, жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө жана ар кандай жол кырсыктарын алдын алуу.
«Сынак бир нече баскыч менен өтөт. Ага автоунааны айдоого «В» категориясындагы уруксаты барлар катышса болот»,-деп жазылат маалыматта.