Манас проспектисиндеги оӊдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорттун багыты өзгөрдү

Автор -

Манас проспектисинин Жибек Жолунан Чүй преспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан айрым коомдук транспорттун багыты өзгөрдү.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, № 111, 134, 137, 212 микроавтобустар Чүй проспектиси боюнча эки тарапка тең каттайт.

Ал эми №167, 186, 184 маршруткалар менен №22 автобус Исанов көчөсү менен келип Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. Ал эми кайтып келе жатканда Чүй проспектиси менен келип, Тоголок Молдо аркылуу кетет.

Андан сырткары, №176 маршрутка (түндүк-чыгыш) менен №150 (түштүктү карай) маршрутка Турусбеков көчөсү менен каттайт.

Шаар бийлиги айдоочуларды бара турчу жерине кантип жетүүнү алдын ала пландоого чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.