«Аврора» пансионатынын жетекчилигине айып пул салынды

Автор -

Ысык-Көлдөгү «Аврора» пансионатынын жетекчилигине айып пул салынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, пансионаттын жетекчисине 10 миң сом, тамактануу бөлүмүнүн жана кампа башчыларына 5 миң сомдон, дарыгерине 3 миң сом айып пул салынды.

«Тамак-ашка ууланган 24 адамдын 16сы учурда бейтапканада дарыланууда. 8 адам ооруканадан чыгарылган. Анын жетөөсү Азия биринчилигине келген чет өлкөлүк спортчулар болгон. Ал эми ооруканада жаткандардын абалы канааттандырарлык»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7-май күнү саат 15:30дан 16:00 гө чейин 16 спортчу Ысык-Көл облустук санаториясына жаткырылган.