2018-жылдагы садака-фитирдин өлчөмү бекитилди

Автор -
244

Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын наркына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда садага ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалагы, Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:

«Мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот. Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү