13-май күнү саат 23:30 чамасында Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосуна жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу каптаган.
Ошондой эле Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.
«Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу жумушу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.