Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылат

Автор -
330

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылат. Бул тууралуу  КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков   коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда  өндүрүлгөн акча каражаттарынын  эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берди.

«Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев  прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды»,-деп айтылат маалыматта.

Өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.