Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетти.
Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.