21-майдан 22-майга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардын «Чыгыш-22 кичи районунда жайгашкан бир турак үйдүн ичине, төрт турак үйдүн короосуна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу эки үйдүн жер төлөсүнө, «Достук» көчөсүндөгү эки турак үйдүн короосуна суу кирген.
Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык №4 Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу бөлүмүнөн беш куткаруучу, №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн алты куткаруучу тартылган. Алар суу каптаган жерлерди бир сыйра тазалашкан.
Кечээ кечинде Лейлек районунда да сел жүрүп, бир нече турак жайды жана ички чарбалык унаа жолун суу каптаган.
Бүгүн, 22-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу жумуштары жүргүзүлөт.