Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы 3 саат аралыгында жана түнкүсүн болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.