Ош шаарында 2018-жылдын 24-майда саат 22:14Раимбеков көчөсүндөгү №13 5 кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан «Дүрдана» ашканасындагы өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесин бузулушунан чыккан. Анын натыйжасында 70 чарчы метр пластик шыбы күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 13-аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.