Караколдо турак-жайлардын жана социалдык объектилердин  чатырларын шамал учурду (Сүрөт)

Автор -
329

Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарында 2018-жылдын 28-май күнү саат 14:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен №10 «Келечек» бала бакчасынын кампасынын 3 даана шиферин,  №127 көп кабаттуу үйдүн 80м2 туникесин, №101 көп кабаттуу үйдүн 180м2 туникесин, №1 орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 м2 туникесин, автобазанын 600м2 туникесин, 1 дүкөндүн 30 м2 туникесин учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

КР ӨКМнин Каракол шаардык бөлүм башчысынын орун басары, шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы, №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тактоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле куткаруучулар №127 көп кабаттуу үйдөн учкан чатырын жерге түшүрүп беришти.