Бүгүн, 29-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга сурак бергени келди.
Исаков суракка кирерден мурун журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны камап коюу коркунучу жок экенин анткени ал 100 пайыз ак экенин айтты.
«Учурда социалдык тармактарда ар кандай жалган маалыматтар тарап жатат. Кайда караба жамандап жазышууда. Президенттин басма сөз кызматы мага, өлкөдөн чыгып кетиптир деген билдирүү тарап жатканын айтты. Мен эч качан Кыргызстандан качып кетпейм. Мен Мекенимди сүйөм жана ал үчүн көп нерсеге даярмын. Мен акмын, эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин ошондуктан эч нерседен коркпойм»,-деп билдирди Исаков.
Ошондой эле ал тарых музейинин тегерегиндеги чуу тууралуу пикирин айтып реконструкциялоодо салым кошконуна сыймыктанарын билдирди.
«Ар бир өзүн сыйлаган өлкөнүн жакшы деңгээлдеги тарых музейи болуусу керек. Мурун Лениндин эстелигинен башка эч нерсе деле жок болчу. Азыр киргилечи заңгырайт тим эле. Музейди реконструкциялоо биздин демилге болчу. Мен бул ишке салым кошконума сыймыктанам, ал эми кооррупциялык иштер боюнча атайын иликтөө жүргүзүш керек», — деп кошумчалады Исаков.