Ош шаарынын борбордук базары ирээтке келтирилүүдө

Автор -
477

Ош шаарынын борбордук базары мыйзамдын алкагында ирээтке келтирилүүдө.

Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, бир жарым ай мурда мэрдин тапшырмасы менен өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлгөн, анда өрт өчүрүүчү унаалар белгиленген жерге жете алган эмес. Ага байланыштуу соода түйүндөрүнүн кожоюндарына өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык, базар ирээтке келтирилээри тууралуу алдын ала эскертүү берилген.

«Бир жума ичинде өрт коопсуздугунун талаптарына тоскоол болгон контейнерлер, соода түйүндөрү нормага ылайык көчүрүлүп азайтылат. Контейнерлер басууга тоскоолдук жаралбашы үчүн ошол эле борбордук базардын ичине жылдырылат»,-деп айтылат маалыматта.

Жаңы жерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн жана санитардык нормалар талапка жооп берет.