Бишкекте 5-июндан тарта оңдоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүп, жаңы тосмолор орнотулат.
Аталган тилкеде оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августунда аяктоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.